Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

Кыргыз дизайнерлеринин эмгектери Берлинде жакшы баа алды


Берлинде 24-февралда кыргызстандык дизайнерлердин “Кыргызстандын заманбап мода искусствосу” деп аталган жаңы коллекциясы сынга коюлду. Бул иш чараны Германиядагы Кыргызстандын элчилиги “Витлайн” промоушн борборунун колдоосу аркасында уюштурган. Анын максаты – Кыргызстандын текстиль өнөр жайынын жетишкендиктерин эл аралык мода дүйнөсүнө тааныштыруу жана жеңил өнөр жайындагы алаканы өнүктүрүү болуп саналат. Кыргыз элчилиги жиберген маалыматка караганда, таза пахтадан, териден, жибектен жана жүндөн кооз жасалган коллекцияны европалыктар жакшы кабыл алып жактырган. Бурул Мамбетова, Татьяна Воротникова, Жанат Бекжанова, Надежда Шульган жана Анастасия Минакова сыяктуу дизайнерлердин эмгектери келгендердин бийик баасына татыган. (KCh)

XS
SM
MD
LG