Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:43

Турсунбек Акун: 2005-жылдагы март окуясы кайталанышы ыктымал


Орусиялык укук коргоочу Виталий Пономаревдун Кыргызстанга киргизилбей калышы, дегеле адам укуктарына байланышкан өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Акыйкатчы Турсунбек Акун жооп берди.

- Виталий Пономаревдун Кыргызстанга киргизилбей коюшуна Акыйкатчы катары кандай баа бересиз?

- Виталий Пономарев буга чейин бир ай мурун келип мени менен жолугушуп, сүйлөшүп, Ноокатка чейин барып, текшерип, өзүнүн жыйынтыгын бизге да айтып, анан Москвага баргандан кийин интернет аркылуу бүткүл эл аралык коомчулукка берген. Мен бул анын укугу деп эсептейм. Ал алдын-ала бизге да эскерткен ошол боюнча. Мына ошондон кийин экинчи келишинде тилекке каршы өлкөгө кирбей калды. Мен ойлойм, бул Улуттук коопсуздук кызматынын чоң каталарынын бири. Мына кечээ мен Виталий Пономарев менен телефон аркылуу сүйлөштүм, ал бизге арыз жиберди, арызды алдык. Мен эртеңден баштап УКМК башчысы Суталиновго кат жибергени атам, эмне себептен киргизбей койдуңар деп. Менимче, бул жакшы көрүнүш эмес. Виталий Пономарев дүйнөгө белгилүү болуп калган укук коргоочу. Ошон үчүн бул боюнча маселени биз такташыбыз керек.

- Турсунбек мырза, маалыматтарга карганда ага өлкөгө кирүүгө 5 жылга тыюу салыныптыр, Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан. Сиз Пономаревду азыр эле айта кеттиңиз, жакындан жакшы тааныйм деп. Ал чындап эле Кыргызстандын коопсуздугуна кооп туудурган адамбы. Мисалы менин түшүнгөнүмө караганда, адатта андай тыюу кылмышкерлерге, Кыргызстандын виза режимин бузгандарга каршы киргизилет. Виталий Пономарев Кыргызстанга чын эле кооп туудурабы?

- Жок, тескерисинче В.Пономарев көп жылдан бери Кыргызстандын аброюн эл аралык деңгээлде көтөрүүгө көп жардам берип келатат. Анткени биз менен көп жылдан бери байланышып, адам укугунун жакшы жактарын да, жаман жактарын да айтып, коомдук, эл аралык пикир түзүп келаткан журналист. Ошон үчүн 5 жылга киргизбей коет деген чечим туура эмес, бул боюнча биз жогорку бийлик өкүлдөрүнө айтабыз жана андай тыюуну кайрадан алып салдырабыз.

- Кыргыз бийликтери бул маселени адилет иликтеп чыгаарына ишенесизби?

- Мен толугу менен иликтейт, адилет болот деп ишенбейм. Бирок биз сөзсүз түрдө мамлекет башчысына мамлекеттик жетекчилердин баардыгына айтып, коомдук пикир түзүп, сөзсүз түрдө акырында адилеттүү чечим чыгат деген чоң ишеничибиз бар. Бул бойдон калтырууга болбойт. Андай болсо Кыргызстан Түркмөнстандын, же башка өлкөлөрдүн кейпин кийип калышы мүмкүн. Кыргызстандагы демократия буга жол бербейт эч качан.

- Amnesty International уюму дагы бул окуя боюнча атайын билдирүү жасады. Ошондо Өзбекстанда ушундай тажрыйба кеңири колдонулат деп айтылат, бул жагынан Кыргызстан Өзбекстанга окшоп баратат дейт. Мисалы эл аралык уюмдун өкүлүнө 10 жылга кирүүгө тыюу салыныптыр. Сиз ушул ойго кошула аласызбы?

- Мен кошула албайм, анткени бир эле Пономаревду киргизбей калса Кыргызстан Өзбекстан болуп калды дегенден алысмын. Анткени Өзбекстан менен Кыргызстандын айырмасы асман менен жердей, бизде канчалык кыйынчылыктарга кабылсак да демокартиялык режим түптөлүп калган бизде, чоң күчтөр бар. Бул мындай жеке учур, ошон үчүн мындан ары буга биз жол бербейбиз деген оюбуз бар.

- Мындай окуя Кыргызстанда экинчи жолу кайталанып жатпайбы?


- Ивар Дали боюнча дагы иштеп атабыз. Аны менен да мен сүйлөштүм, бул боюнча мамлекет чечим кабыл алат. Эгер чечим кабыл албаса, анда бүткүл дүйнөлүк алкакта мен Акыйкатчы катары айтып чыгам.

- Шаршембиде АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады, анда кыргыз бийликтери дагы сынга алынат. Кыргыз бийлиги жыйынтык чыгарабы ошол сындан?

- Мен ал баяндаманын көп жактары туура деп эсептейм. Мен парламентке жасай турган баяндамда дагы 2006-2008-жылга караганда демократиядан бир аз артта кеттик деген жыйынтык чыгарып атам. Ошону менен дал келип атат. Мен мамлекет башчысына кирип, толугу менен айтып берип, депутаттардын, дүйнөлүк коомчулуктун, журналисттердин көңүлүн бөлүп, бул маселени катуу айтам. Менимче, кыргыз бийлиги бул боюнча сөзсүз түрдө жыйынтык чыгарыш керек, жыйынтык чыгарбаса өздөрүнө жаман болот, аброюбузду кетиребиз.

- Ошол эле баяндамада 4 жыл мурда эл көтөрүлүп чыгып, бийликти алмаштырган өлкөдө эркиндиктер менен укуктарды урматтоодо кырдаал кыйла кыйындап кеткендиги айтылат. Ошол 4 жыл мурда болгон окуяларга кайрылсак, 4 жыл илгери 27-февралда чуулгандуу парламенттик шайлоо болгон эле, ал акыр-аягында ыңкылапка алып келди десек болот. Азыркы бийлик 2005-жылкы окуялардан жакшы сабак алдыбы?

- Тилекке каршы, жакшы сабак ала албай жатат. Мен аны айтып атам. Эгерде тиешелүү сабак ала турган болсо, азыр болуп аткан эл аралык уюмдардын айткан сын пикирлеринен жыйынтык чыгарышыбыз керек, Пономаревдун маселесин тез аранын ичинде чечишибиз керек. Менин баяндамамда да укук коргоо органдарына, башкаларга карата катуу сын айтылат. Ошолордон бийлик жыйынтык чыгарса, анда бийлик сакталып көп жылга чейин турат деген тилегим бар. Эгерде жыйынтык чыгарбаса ошондой окуя кайталанып калышы толугу менен ыктымал.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG