Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Апта: Соц-демократтар “оюну” жана Сариевдин лидерлиги


Өтүп бараткан жума президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоо боюнча маанилүү кадам таштоо, оппозициянын март акциясына жооптуу лидерди бекитүү жана өкмөттүк эмес уюмдарга чабуул менен коштолду.

Эшимканов жана Карабековдун кадамынын кайталанышы

Президенттик шайлоону быйыл өткөрүүнү чечүү боюнча өтүп бараткан жумада маанилүү кадам ташталды. 2003-жылдагы, 2006-жылдагы Конституцияларды жокко чыгаруу, ал кездеги оппозициялык саясатчылар Мелис Эшимканов жана Кабай Карабековдун колдору менен жасалса, бул ирет да оппозициялык саясатчынын колу менен президенттик шайлоону бийлик каалагандай мөөнөткө дайындоого мүмкүнчүлүк алынды. Өздөрүн конструктивдүү оппозицияда деп атаган Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Асылбек Жээнбеков Конституциялык Сотко арыз жазып, президенттик шайлоонун мөөнөтүн тактап берүүнү өтүнгөнүн 25-февралда маалымдады.

Партия лидерлери Асылбек Жээнбеков бул кадамды партия менен кеңешпей туруп жасаганын айтышууда. Бирок, буга чейин эле социал-демократтар президенттик шайлоо быйыл күзүндө болуш керек деген пикирди айтып келишкен. Бирок социал-демократтар курамына кирген Бириккен Элдик Кыймыл Конституциялык Сотко арыз менен кайрылбоону соц-демдерден өтүнгөн. Алардын лидери
Алмазбек Атамбаев андай сунуш болсо арыз берилбесин билдирген.

Бирок ага карабай Асылбек Жээнбеков Конституциялык сотко арызын берип, анын себебин мындайча негиздеди:

-Президент Курманбек Бакиев 1993-жылкы Конституциянын 2003-жылы жаңыртылган редакциясынын негизинде шайланган. Ал Конституцияга ылайык кезектеги президенттик шайлоо президенттик мөөнөттүн бешинчи жылы, октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшү керек. Бирок президент Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда президенттик милдетине расмий түрдө киришкен. Ушундан улам коомдо кайсы Конституцияга таянышыбыз керек деген карама-каршы эки пикир болуп жатат. Себеби президент мурдагы Конституциянын негизинде шайланган жана ага таянсак быйыл октябрь айынын акырында шайлоо болуш керек. Экинчи тарап 2010-жылы беш жыл болот жана шайлоо эмдиги жылы болуш керек деп жатат. Ошон үчүн биз расмий түрдө соттон так жооп алышыбыз керек. .

Оппозициялык саясатчылардын айрымдары Жээнбековдун мындай кадамын бери дегенде партиядагы тартип жоктугу менен байланыштырды.

Эми Конституциялык Сот Жээнбековдун арызын карап, президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктоого тийиш. Шайлоо быйылкы жылдын күзүнө- бийлик үчүн ыңгайлуу мезгилге белгиленерин талдоочулар азыртан айтышууда.

Анткени Курманбек Бакиев Россиядан олуттуу финансылык жардам алууну быйыл макулдашты. Эгерде ал келишимдер турмушка ашырыла баштаса, анда Москвадан ири өлчөмдө грант, насыялар келип түшөт. Ал каражаттар бардык төлөмдөрдү аткарууга, ал эмес мамлекеттик инвестицияны жандантууга шарт түзөт. Эгерде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу күзгө башталса, бул шайлоо кампаниясында бийликтин эң ири жетишкендиктеринин бири катары көрсөтүлөт.

Андан сырткары күз мезгилине карай энергетикалык кризистин эпкини азайып калаары да белгилүү. Ошондуктан бийлик үчүн быйылкы жылы күзүндө шайлоону өткөрүү көп жагынан ыңгайлуу болуп турат.

Ал эми оппозиция күрөшкө даярбы? Убакыт жетиштүүбү?

Бир жагынан күзгү шайлоого чейин толук 8 ай бар. Бул аз эмес убакыт. Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров оппозиция үчүн убакыт бар экенин белгилейт:

-Бизде убакыт бар. Биз да ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Биз ар кайсы учурда даярбыз. Эң башкысы эл даяр. Бакиевдин ким экенин азыр эл билет. Биз мурдагыдай бурмалоо жолу менен каалагандай чечим кабыл алып алабыз дегенге каршы турушубуз керек. Ошого жол бербешибиз керек. Негизи шайлоого даяр болуу деген мына ошол.

Бириккен Элдик кыймыл март айына белгиленген акцияга даярдык көрүүгө киришти. Лидерлер өткөн жумда региондорду кыдырышты. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусунда болсо, Кыргызстан элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарында болуп кайтты.

Бириккен Элдик Кыймыл март айындагы акцияда лидерлик кылууну алгач Өмүрбек Текебаевге сунуштап, бирок ал лидерликтен баш тарткандан кийин лидерлик, акцияны уюштурууга жетекчилик кылуу “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевге жүктөлдү.


Марттагы акция тууралуу Темир Сариевге бир катар суроолор менен кайрылган элек:


“Азаттык”: Темир мырза, март айына белгиленген акцияда кандай талаптар коюулуп, кандай ураандар чакырылат?

Т.Сариев: Бул боюнча кошумча сүйлөшүүлөр болот. Биз тактайбыз. Бирок, бүгүнкү күндөгү негизги көйгөйлүү маселелер бул экономикалык жана социалдык маселелер болуп жатат. Албетте, ушул маселелер көтөрүлөт. Мунун бардыгы бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатынан келип чыгып жатат. Ошондуктан, албетте саясий талаптар да коюлат.

“Азаттык”: Бул акция канча мөөнөткө созулушу ыктымал?

Т.Сариев: Азырынча биздин планда жалпы Кыргызстан боюнча бир күндүк акция болот. Бирок дагы ар түрдүү ойлор айтылып жатат. Аны эми жакындаганда айтабыз.

“Азаттык”: Бул акцияга социал-демократтар катышабы?

Т.Сариев: Мен ойлоймун, Бириккен Элдик Кыймылга кирген партиялардын жана кыймылдардын бардыгы катышат. Бул иш-чара Бириккен Элдик Кыймылдын атынан өткөрүлөт.

“Азаттык”: Акция учурунда саясий куугунтук маселеси көтөрүлөбү?

Т.Сариев: Албетте саясий талаптардын ичинде бүгүнкү бийликтин кылып жаткан иштери, анын ичинде оппозицияга көрсөтүп жаткан кысымдары сөзсүз түрдө айтылат.

“Азаттык”: Демек, “кетсин” деген ураан негизги ураан болбойт?

Т.Сариев: -Мен азыр антип айта албаймын. Анткени элдин чыдамы түгөнүп баратат. Талаптар дагы курчуп, катууланып келатат. Анын баарын акция жакындаганда айкындалат.

“Азаттык”: - Сиздин оюңузча, президенттик шайлоо кайсы мезгилге коюлуп калышы ыктымал?

Т.Сариев: - Президенттик шайлоо Бакиевге ыңгайлуу болгон шартка коюлат.


Өкмөттүк эмес уюмдарды “өчүрүү” далаалаты

Бул жумада өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдарды түйшөлткөн кабарлар Жогорку Кеңеш тараптан чыга баштады. “Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары жана коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Мындай аракеттин максатын Исхак Масалиев мындайча түшүндүрдү:

- Максат бирөө, бүгүнкү күндө коммерциялык эмес уюмдар түзмө-түз өзүнүн алдына койгон максатын аткарбай, саясий иштерге аралашып жатышат. Ошондуктан ага чектөө коюлуш керек деп сунуш берип жатам. Эгерде кимдир-бирөө саясий күрөшкө, саясий ишмердүүлүккө аралашам десе, ал үчүн саясий партиялар бар. Ал эми коммерциялык эмес уюмдардын максаты, милдеттери таптакыр башка. Мисалы үчүн кайсы бир коммерциялык эмес уюм билим берүү системасында, же айыл чарбасын өнүктүрүү багытында иштесе ошол маселе менен алек болуп, ошонун үстүндө иштеш керек. Ал эми саясат үчүн өзүнчө жолу бар.

Коммунистик фракциянын лидери өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу мыйзамды өзгөртүү аракети АКШ базасы Кыргызстандан чыгарылышы менен өкмөттүк эмес уюмдарды батыш тараптан каржылоо күчөйт деген чочулоо менен байланышы бар экенин жашырбады:

-Эми алардын байланышы жок деп айткан калп сөз болот. Чын эле байланыш бар. Америка Кошмо Штаттарынын саясатын карасаңыздар, эгерде алар аскер базасын өз ыктыяры менен эмес чыгарып кете турган болсо, ошол мамлекетте саясий күрөш күчөйт. Ошол мезгилде өкмөттүк эмес уюмдардын ишинин тартибин тактап, каттоо маселесин күчөтүп, мамлекеттик органдардын маалымат алуусуна шарт түзүп берүү зарыл.

Адам укугун коргоочу уюмдар өз кезегинде депутаттардын демилгесин сынга алып, Кыргызстан Өзбекстандын кейпине түшүп баратканын билдире башташты.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдардын коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова мыйзамга өзгөртүү
киргизүүнүн максатын төмөнкүдө деп эсептейт:

-Эксперттик эмес көз менен караганда, ал жерде бир коркунуч бар, өкмөттүк эмес уюмдарды саясий жана шайлоо процессинен чыгаруу. Мен ойлойм, бул эң коркунучтуу нерсе. Анткени бизде өкмөттүк эмес уюмдар мамлекет менен ар кандай саясий чечим чыгаруучу процесстерге катышып, ошондой проблемаларды чечкенге аракет жасайт.

Өкмөттүк эмес уюмдарга каршы чабуул укук коргоочу “Мемориал” уюмунун өкүлү Виталий Пономаревду Кыргызстанга киргизбей коюу менен коштолду. Акыйкатчы Турсунбек Акун бул маселени иликтөөгө алаарын билдирди.

Бирок диний экстремизмге, анын ичинде тыю салынган “Хизбут-тахрир” уюмуна каршы бийлик чечкиндүү чара көрүүгө киришип жаткан шартта, айрым аракеттерден майнап чыкпашы турган иш. Анткени Ноокат окуясына тиешелүүлөрдү катаал жазалоо менен бийлик “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей эскертүү жасагандай болду. Ал эми Виталий Пономарев Ноокат окуясын иликтеп, ал иштеги бийликтин катаалдыгын сынга алып келген. Анын Кыргызстанга киргизилбегенинин себеби ушул жакта жаткандай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG