Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Хиллари Клинтондун Жакынкы Чыгышка сапары башталат


Жекшембиде (1-мартта) АКШнын башкы дипломаты Жакынкы Чыгышка жана Батыш Европага жол тартат. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон өз сапарын Египетте өтө турган Палестин демөөрчүлөрүнүн жыйынына катышуу менен баштайт.

Жыйында расмий Вашингтон согуштан кийин талкаланган Газа тилкесин калыбына келтирүү үчүн 900 миллион доллар бөлөөрүн жарыялайт. Андан соң Брюсселде өтө турган НАТО менен Евробиримдиктин жыйынына катышып, Клинтон айым Женевага жол тартат. Женевада Хиллари Клинтон Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Ооганстандын коопсуздугу жана курал-жарактарды жайылтпоо маселелерин талкуулаары күтүлүүдө.

Бир апта мурда Чыгыш Азияда болгон Клинтон айым Жакынкы Чыгыш жана Европага жекшемби күнү (1-мартта) сапарга аттанууда.

Жаңы сапарынын алдында Клинтон айым Вашингтондо Ооганстан жана Пакистандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен исламчыл экстремисттерге каршы аскердик өнөктүк жаатында жүргүзгөн эле. Анда Клинтон айым буларды айткан:

- Биздин үч өлкөбүз тең жалпы максат, жалпы коркунуч жана бир милдетке ээ. Бул жаатта менин өкмөтүм өз досторунан бар көмөгүн аянбайт.

Клинтон айым Египет (Мысыр), Израил жана Пакистандын Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги тилкесине Жакынкы Чыгыш аймагында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн “жаңы жол” чабуу мүмкүнчүлүгүн иликтөө үчүн сапарга чыгып жаткандыгын АКШнын расмий бийлик өкүлдөрү тастыкташты.

Дүйшөмбүдө (2-мартта) Египеттин Шарм эш-Шейх курорт шаарында өтө турган демөөрчүлөрдүн эл аралык жыйынында Израил менен жакында болгон согуштан соң бүлгүнчүлүктүн азабын тартып жаткан палестиндик Газа тилкесине АКШ 900 миллион доллар өлчөмүндө жардам берээри расмий жарыяланаары күтүлүүдө.

Палестинанын бийлиги болсо Египеттеги бул жыйында согуштун айынан Газа тилкеси кириптер болгон дээрлик 3 миллиард доллардай чыгымынын олуттуу бөлүгүн жабуу үчүн каржылык жардам көрсөтүлөөрүнө үмүт артууда.

Шарм эш-Шейхтеги демөөрчүлөр жыйынына 80 өлкөнүн өкүлдөрү катышмакчы. Египетте Клинтон айымды АКШ президенти Обаманын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Жорж Митчел коштоп жүрөрү кабарланды.

Египеттеги бул жыйынга палестиндик Хамас кыймылынын өкүлдөрү катышпайт. Палестинанын президенти Махмуд Аббас өз автономдук аймагынын өкүлү катары жыйынга катышып, андан соң Иордандын Батыш жээгиндеги Палестин аймагында Клинтон айым менен сүйлөшүү жүргүзөөрү белгиленген.

Бирок, айрым серепчилердин баамында, Хиллари Клинтон айымдын Жакынкы Чыгышка сапары ыңгайсыз учурга туш келүүдө.

Израилдин мурдагы премьер-министри, катаал саясий нукту туткан Бенйамин Нетанйаху жетектеген “Ликуд” партиясы башка улутчул жана динчил партиялар менен коалициялык өмөт кураары ыктымал болуп турат. Бул партиялар Палестина жана башка каршылаш араб өлкөлөрү менен тынчтык жараянын жандантууга каршы чыгышууда.

АКШнын расмий өкүлдөрү Сирия менен баарлашуу жараянын баштоого ниеттенүүдө, бирок Клинтон айым Шарм эш-Шейхтеги жыйында Сириянын өкүлдөрү менен жолугушпай турганы ачыкталды.

Жакынкы Чыгыштагы сапарынан кийин Клинтон айым Брюсселде өтө турган НАТО жана Евробиримдиктин жыйынына катышмакчы.

Клинтон айым андан соң Женевага келип, Швейцариянын бул шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Ооганстандын коопсуздугу, Чехия менен Польшага баллистикалык ракеталарга каршы америкалык системаны жайгаштыруу долбоору жана курал-жарактарды жайылтпоо маселелерин талкуулаары күтүлүүдө.

Андан соң Клинтон айым Анкарага жол тартып, Түркиянын жетекчилиги менен Жакынкы Чыгыш көйгөйлөрү тууралуу сүйлөшүү жүргүзмөкчү.

XS
SM
MD
LG