Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

"Жашылдар": Өлкөдөгү бир да адам мамлекет аны коргооруна ишенбейт


“Жашылдар” партиясы мындай билдирүүнү бүгүн “Репортер-Бишкек” гезитинин саясий серепчиси Сыргак Абылдаевге кол салуу болгондугуна байланыштуу таратты. “Мындай учур чындыкты жазып, сүйлөгөн ар бирибизде болушу ыктымал. Конституциялык нормалар, мыйзамдар бузулуп жаткан коомдо жашоо мүмкүн болбой калды. Өлкөдө өз оюн ачык, коркпой айткан жарандарын куугунтукка алган учурлар көбөйдү. Ошол себептүү эч ким өз мамлекети аны коргойт дегенге ишенбейт. Экинчи, үчүнчү журналистти качан өлтүрөт деп күтүп отурууга негиз жок. Криминалдык дүйнөгө каршы биригүүгө убакыт келип жетти”, - деп жазылат партия тараткан билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG