Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Бейөкмөт уюмдар саясаттан кеткилери келишпейт


“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму парламенттин коомдук уюмдарды саясий жана шайлоо процесстеринен оолактатуу аракетин Башмыйзамга каршы келчү демилге катары баалады.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештеги үч депутат “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү демилгесин көтөрүшкөн эле. Мыйзамга киргизилчү жаңы жоболорго ылайык, бейөкмөт уюмдар мамлекеттик органдарга каржылык иш-аракеттери тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү болушат.

Бүгүн айрым укук коргоочулар парламенттин өзүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда “жабык саясаты” үчүн сындап чыгышты. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму парламенттин 2008-жыл үчүн ишмердигин сынга алган баяндамасын жарыялады. Ага ылайык өткөн жылы Жогорку Кеңеш 341 мыйзам долбоорун кабыл алып, анын алтымыш бирине президент вето койгон.

“Бул мыйзамдардын көбүн кабыл алууда парламент ачык-айкындлуукту көрсөтпөдү”,- деп нааразыланат укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.

Анын айтымында, былтыр Кыргызстанды демократиялык түркүктөрдөн артка чегиндире турган жана өлкөнүн Башмыйзамына каршы келе турган мыйзам долбоорлору парламент тарабынан колдоо тапты. Укук коргоочу далил катары энергетика, маанилүү стратегиялык объектилер, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, теле жана радиоберүүлөр жана жарандардын тынч чогулуу укугу тууралуу мыйзамдардын кабыл алынышын келтирди.

Төлөйкан Исмаилованын айтымында депуттардын акыркы коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектөө аракети укук коргоочулардын чыдамын кетирип жатат:

- Шайлоого катышуу жана шайланам деген укук – Конституцияда көрсөтүлгөн укуктар. Аны эмне үчүн чектеп атат?! Биздин, жарандык коомдун үнүн угуп, фракция бул мыйзам долбоорун кайтарып алат деп ойлойм. Фракция бул кырдаалды опурталдуу чекке алып барбашы керек.

“Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү тууралуу демилгечи депуттардын бири Исхак Масалиев буга жооп иретинде парламенттин ишине эл гана баа бере ала турганын баса белгиледи.

- Укуктары бар. Ой-пикирлерин сыйлайм. Бирок парламентке баа берчү эл эле болот. Беш жыл өткөндөн кийин, добуш бергендер салыштырса болот.

АКШ авиабазасы чыгарылып жаткан маалда өлкөдө саясий күрөш күчөп кетиш ыктымалдыгын билдирген депутат коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин жөнгө салуу мезгил талабы экендигин белгиледи.


XS
SM
MD
LG