Буга байланыштуу макулдашуу даярдалып бүтүп, жакын арада ага кол коюлары тууралуу Грузиянын жикчил аймагы Абхазиянын президенти Сергей Багапш билдирди. Анын айтымында, Орусиянын аба базасы Абхазиянын Гудаута аймагында жайгаштырылат. Өткөн жылы расмий Тбилиси Түштүк Осетия жана Абхазияда конституциялык тартип орнотууга аракет жасаганда Грузия менен Орусия ортосунда кыска мөөнөттүк согуш жаңжалы чыккан. Жаңжалдан кийин Кремл Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз өлкө деп тааныган, ал эми расмий Тбилиси бул жикчил аймактарды өз өлкөсүнүн ажырагыс бөлүгү катары санап келет.