Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Аликбек Жекшенкулов камакка алынды


“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери, БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду бүгүн ИИМ тергөөчүлөрү камакка алышты. ИИМдин маалымат кызматы аталган саясатчынын тапанчасынан 2007-жылы Таласта түрк жараны өлтүрүлгөнү аныкталганы жөнүндө маалымат таратты. БЭК бул ишти саясий куугунтуктун жеткен чеги деп айыптоодо.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Аликбек Жекшенкуловдун камалышы боюнча төмөнкү маалыматын “Азаттыкка” билдирди:

- 2007-жылдын 9-декабрында Түркиянын жараны Четин Серветти кечки саат сегиздерде Талас шаарында белгисиз бирөөлөр Макаров пистолети менен атып өлтүрүшкөн. Ушул боюнча кылмыш иши 3 бөлүк менен тергеле баштаган. Өткөндө А.Жекшенкуловдун сыйлыкка тапшырылган куралын экспертизадан өткөрүүгө алганбыз. Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик борбордук экспертиза Ч.Сербетти атып өлтүрүлгөн пистолет Жекшенкуловдуку болуп чыкканын көрсөттү.

Буга чейин Аликбек Жекшенкуловдун өзүнө тышкы иштер министри кезинде Кытайдын жардамы менен министрликтин имаратында жүргүзүлгөн ремонт учурунда Кытай өндүрүшүнөн чыккан жука каалгаларды калың каалгаларга алмаштырып, казынага 690 миң сомдук зыян келтирген деген кине менен кылмыш иши козголгон болчу.

Ошондой эле баласы Беккул Жекшенкуловго кафеде бейбаштык кылган деген кине менен, иниси Таалайбек Медеркуловго Балыкчы шаарынын вице-мэри болуп турган кезде тендердик комиссиянын ишин натуура жүргүзгөн деген кине менен кылмыш иштери ачылып, тергөө сурагында жүрүшкөн.

Андан тышкары аталаш эки тууганы, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Калык Иманкулов менен мурунку президенттин иш башкармалыгынын кызматкери Малик Иманкуловдор да мурунку иштери боюнча сурак берип жатышат.

Аликбек Жекшенкулов өз кезегинде бийлик аны оппозициянын катарындагы саясий ишмердиги үчүн жазалоо максатында өзүн жана баласын, туугандарын куугунтукка алып жатканын айтып келатат.

Саясатчылар, укук коргоочулар Аликбек Жекшенкуловдун камакка алууну саясий куугунтуктун накта көрүнүшү катары айыптаган билдирүүлөрүн таратып жатышат.

Рамазан Дырылдаев, Кыргызстан адам укуктары комитетинин жетекчиси:

- Бизде көз карандысыз экспертиза деген жок, көз карандысыз система жок. Экспертизалар көз карандысыз болсо күмөн санаса болот эле. Азыркы заманда бийлик өздөрүнө каалагандай мойнун толгоп жасап алып атпайбы. Ошон үчүн ишениш кыйын. Жекшенкулов ошондой ишке барарына жана экспертизанын чындык экенине. Эгер бөлөк жакта, жок дегенде Алма-Атада экспертиза болгондо анда ишенсе болот эле. Биздин системада, ойдогусун жасап аткан заманда ишениш кыйын.

Мен анын уулу тууралуу эч нерсе айта албайм, билбейт экемин. Бул окуяларга күмөн санап атканым, Жекшенкулов азыр оппозицияда жүрүп атпайбы, ошол убакта чыккандан кийин чындык экенине ишениш кыйын. Ошол эле Оштогу журналист Саиповду дагы ушул тапанчадан өлгөн деп атпайбы. Бирок ошол эле убакта чыгарса бир жөн. Ал журналисттин каза болгонуна 3 жыл болуп кетти, Жекшенкуловдун оппозицияга келгенине да 3 жылга жакындап калды. Эгерде Жекшенкулов иштеп жүргөндө ушулардын баары чыкса, анда ишенсе болот эле. Азыр эми оппозицияда жүргөндө өкмөт, бийлик тараптан жасалган иштин баары күмөндүү болот. Анык чындык менен объективдүү тергөө жүрөрүнө ишенич жок.

Темир Сариев,
“Ак шумкар” партиясынын лидери:


- Бүгүн эмгек кодекси боюнча жумуш күн эмес. Анткени 8-март базар күнгө туш келип, 9-мартты өкмөт өзүнүн токтому менен которуп дем алыш күн деп жарыялаган. Дем алыш күндө аны чакырып туруп камап атышат. Бул саясий боек. Камаганда дагы бир топ процедуралык маселелердин баарын бузуп туруп, бүгүн убактылуу кармап коюшуптур.

Жетекчилерден да эч ким жок. Кол коюп адвокатка уруксат бере турган да киши жок. Мунун баары тең атайын кылынган нерсе. Ушул кабарды уккандан кийин БЭК кыймылынын саясий бюросу чогулду, биз чечим кабыл алдык. Эртең саат 11 жарымда бул боюнча атайын пресс конференция берилет.

Ага чейин адвокаттар дагы иштерин тактайт, биз жактан билдирүү болот. Биз муну бүгүн бир жактуу саясий куугунтук деп кабыл алабыз.

Мукар Чолпонбаев,
Бириккен Элдик кыймылдын мүчөсү:


- Бул саясий куугунтуктун жеткен чеги, мындан ары болууга мүмкүн эмес. Мына ушул эле бүгүнкү бийликтин бүтөөр күнү жакындап калгандыгын, агонияга түшүп калган сыяктуу болуп, тырышып жаткандыгынын белгиси болот. Жекшенкуловдун пистолети ушул кылмыш ишине байланышкан болсо, мурун эле Саиповдун иши боюнча текшерилип атканда бул пистолетти жоготуп таштаса деле болот болчу.

Эгерде Жекшенкуловдун кандайдыр бир күнөөсү болсо, күнөөсү жок үчүн мына текшергиле деп карматып ийип отурбайбы. Калган жагы балким ким билет тергөө органдары кандай кылып коет, балким фальсификация да болуп калышы мүмкүн мындан ары. Алмаштырып коюшу мүмкүн.

Анткени мен прокуратура боюнча Жекшенкуловдун адвокаты катары айтаар элем, бул пистолетти ички иштер министрлиги мурда алып, экспертизага алып барабыз деп печаттап туруп, бирок бир жумадан кийин кайра кайрып беришкен. Ошол убакыттын ичинде алар эмне кылганын бир кудайдын өзү, бир МВД билет.

Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул Жекшенкулов атасынын камалышына байланыштуу бүгүн президентке кайрылуу жолдоду.

Беккул Жекшенкулов бүгүнкү күндө өлкөнүн күч органдары бийликтикинен айырмаланган көз карашы бар адамдарды жана алардын тууган-уругун кысымга алып жатканы, ошондуктан алар ар дайым коркуп жашап калганын билдирип, буга акыркы убакта ачылган бир катар кылмыш иштерин мисал тарткан. Кээ бир саясатчылар өмүрүнө коркунуч келгендиктен өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгонун, алардын арасында өзү да бар экенин белгилейт. Ал өзүнө коюлуп жаткан кылмышка эч кандай тиешеси жоктугун, коммерциялык иш жүргүзбөгөнүн, киши өлтүрбөгөнүн баса белгилеген:

"Мен бул кылмыштарга эч кандай тиешем жок экенин билдирем. Эч качан коммерциялык иштерди жасаган эмесмин. Адам өлтүрүүгө эч качан барбайм дагы. Бул менин атамды жана оппозицияны эл-журт алдында жаманатты кылууну максат кылган эң одоно жасалган өнөктүк", -деп билдирген Б. Жекшенкулов.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG