Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Кыргызстан: Жарандык коомду чөгөлөтүү аракети


Сүрөттө: Кыргызстандык белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова
Сүрөттө: Кыргызстандык белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова

Кыргызстанда жарандык коомчулук Жогорку Кеңеште каралганы турган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аракетин токтотууну талап кылышууда. Мыйзам долбоордун авторлору аны учурдун талабы дешет.

Талаш-тартыштарды улай 11-мартта президенттин катчылыгы парламентти бул мыйзам долбоорду карабай турууга чакырды.

Демилгечи топ аталган мыйзам долбоор жөн гана бейөкмөт уюмдардын ишин бир калыпка саларын, анын аркасында эч кандай демократияны тизгиндөө максаты жок экенин айтышууда.
“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” деп аталган мыйзам долбоорду “Коммунисттер” фракциясынын төрагасы Исхак Масалиев, “Ак жол” партиясынын эки депутаты менен биргеликте иштеп чыгып, парламенттин кароосуна сунуштаган.

Исхак Масалиев 6-мартта Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө мыйзам долбоор тууралуу түшүндүрмө берип, Кыргызстанда учурда 20 миңдей коммерциялык эмес уюмдар бар экенин, акыркы төрт жылдын аралыгында 9 366 жаңы уюм катталганын, алардын көбүнүн чынында зыяны жок экенин, бирок араларында диний экстремизмге тиешеси бар деп шектелгендер жүргөнүн айткан.

“Азаттытын” суроолоруна жооп берип жатып Масалиев, мыйзам долбоордо бейөкмөт уюмдарын саясатка катыштырбай коюу максаты бар экенин жашырган жок:

Мен мисалы азыр саясий партиянын жетекчисимин. Саясий партиянын өз максаттары бар. Мен мисалы саясий күрөшкө чыгам. Ал эми бейөкмөт уюмдар, айрыкча чет өлкөлөрдөн акча алгандардын иш-аракеттери мага жакпайт. Саясат менен аралашпасын деген максат болуп атат бул жерде, ал чын. Саясат менен иштейм десе мүмкүнчүлүк бар бүгүн. Кааласа “Ак жолго”, кааласа коммунисттерге, кааласа “Ата мекенге” кирип саясий иштерин кыла беришсин”,- дейт И.Масалиев.
Ошондой эле ал жакында эле Кыргызстан АКШнын Манас аба базасын жабуу чечимин чыгарганын, андыктан ал жактагы күчтөр жарандык коомчулукка көп каражат жумшап, бийликке каршы коюшу мүмкүн экенин да боолгойт.

Укук коргоочулар мындай аракетти дароо катуу сынга алышып, акыркы жылдары Борбор Азияда бейөкмөт уюмдарын диний экстремизмге тиешеси бар деген шылтоо менен жоготуу аракеттери болуп келатканын айтып чыгышты. 50 бейөкмөт уюму аталган мыйзам долбоорду “демократияга коркунуч” катары баалап, ачык кайрылуу жасашты.

Вашингтондогу “Коммерциялык эмес мыйзамдардын эл аралык борбору” да Кыргызстанда кызуу талкууланып жаткан бул мыйзам долбоор боюнча билдирүү таратып, эгерде парламент аны ушул абалында кабыл ала турган болсо Кыргызстандагы кыйла таасирдүү жарандык коом алсырай түшөрүн айтат. Аны менен бирге өлкөнүн инвестиция тартып келүү, гуманитардык жардамдарды алуу мүмкүнчүлүктөрү азаярын эскертет.

Андан тышкары эл аралык борбордун билдирүүсүндө, кайсы саясий иштергө аралашпоо керектигин тактабай туруп, кыргыз парламенти бейөкмөт уюмдарын саясатка аралыштырбай коюуга ниеттенип жатканын баса белгилейт.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) да аталган мыйзам долбоорго карата тынчсыздануусун билдирди.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын баамында, бул иш-чара оболу бейөкмөт уюмдарды алдыдагы президенттик шайлоого катыштырбай коюуга багытталган:

Бул мыйзам долбоор алдыдагы келаткан президенттик шайлоого байланыштуу эле даярдалып атат. Анын эң негизги максаты, жарандык коомду шайлоого катыштырбай коюу. Эстеп кетсек, Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов, Курманбек Бакиевдер оппозиция катары шайлоого катышып келишкенде, биздей уюмдар жер-жерлерге барып, өз байкоолорун жүргүзүшчү. Ошондогу оппозиционерлер биздин баабызга таянышчу. Азыр эле бийликке отуруп алып, ушул сыяктуу мыйзамдарды алдыга түрткөндүн ордуна ойлонуш керек. Ушул эле мыйзамдар өздөрүнө муш болуп тийип калбайбы?”,- деди Д.Ошурахунова.

XS
SM
MD
LG