Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Америкалык финансист Бернард Мейдофф өз айыбын мойнуна алды


Нью-Йорктогу сотто ага “арам акчаны адалдаган жана көз боемочулук кылган” деген кинелер коюлууда. Мейдоффту азыркы экономикалык кризистин башкы күнөөкөрлөрүнүн бири деп атап келишет. 20 жылдан ашуун убакыттан бери Мейдофф миллиарддаган долларды түзгөн финансы пирамидасын куруп, аны башкарып келген. Миңдеген адамдардан, ири банк, кайрымдуулук уюм жана компаниялардан Мейдофф болжол менен 50 миллиард долларды алдоо жолу менен тартып алган. Эгерде сот аны бардык айыптоолор боюнча күнөөлүү деп тапса, Мейдофф 150 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG