Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

“Ак жол” фракциясы жол кырсыгын талкуулады


Фракциянын жыйынында башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев 13-мартта Койташ айылына жакын жерде болгон жол кырсыгын тергөө ишинин жүрүшү боюнча маалымат берди. Депутаттар тергөө тобунун ишинин натыйжалуулугуна күмөнүн билдиришти. Маселен, төраганын орун басары Чолпон Баекова тергөө ишин жеке көзөмөлүнө алууга жана аны тездетүүгө Башкы прокурорду чакырды. Өз кезегинде Элмурза Сатыбалдиев депутаттарды тергөө ишинин аягына чыгышын күтүүгө үндөдү. Депутаттардын пикиринде, жол четинде турган “Лексус 470” автоунаасынын күйүп кетиши, кандайча анын тап-такыр башка жерде болуп калышы көп суроолорду жаратууда. “Азыркы мезгилде буйрутма киши өлтүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө көп сөз чыгууда, кээ бирөөлөр ага саясий боек берүүдө. Иш өтө тыкыр тергелиш керек”,-деди депутат Галина Куликова фракция жыйынында. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG