Москва шаарында Социал-демократтар фракциясынан депутат болгон Жусупжан Жээнбековдун дайынсыз жоголгон уулу Бактияр Амиржановдун иши боюнча шектүү делген адам кармалган. Бул тууралуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бүгүн фракциянын жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, учурда шектүү адам изилденип жатат. М.Конгантиев изилдөө иштерине байланыштуу мындан ашыкча маалымат бере албай турганын айтты. Бактияр Амиржанов 2008-жылдын 24-сентябрында төрт белгисиз куралчандар тарабынан уурдалган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. (КЕ)