Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Нарында керектөөчүлөрдүн укугу басмырланып жатканына нааразылык чоң


Нарында «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо» жөнүндөгү мыйзамын кыйла жарандар иш жүзүндө аткарышпайт. Маселен соода жайларында «сатылган товарлар кайра алынбайт» деп жазуунун өзү мыйзамсыз. Мындай маалымат «naryn.kg» медиа борборунда болуп өткөн жыйында айтылды. Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин Ысык-Көл-Нарын аймактык бөлүмүнүн орун басары Кеңешбек Чымылдаков ишкерлерге текшерүүнү чектөө керектөөчүлөрдүн укугунун бузулуп жатышына алып келүүдө деп белгилейт. Натыйжада өткөн жылы бөлүмгө болгону керектөөчүлөрдөн 11 гана арыз түшүп, аларга жеке ишканадан 30 миң сом өндүрүлгөн. Жыл бою мамлекетик ишканаларга 34 миң 700, ал эми соода жайларына болсо 2 миң 900 сомдук гана айып салынган. (KUs)

XS
SM
MD
LG