Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Түркия: “Суу – коргоого муктаж байлык”


Түркиянын Стамбул шаарында 16-мартта башталган Бешинчи Дүйнө Суу форуму өз ишин улантууда. Болжол менен 30 миң киши катышкан форумдун жүрүшүндө глобалдык өзгөрүштөр жана кризисти жөнгө салуу, адамзаттын жана айлана-чөйрөнүн керектөөлөрүн эсепке алуу менен суу ресурстарын коргоо өңдүү темалар талкууланууда.

16-мартта Стамбул шаарында Түркиянын президенти Абдулла Гүл өз баяндамасы менен форумдун ишин ачты:

- Мындан ары кечиктирбей, табыйгат менен эриш-аркак жашоо – эл аралык коомчулуктун бирдиктүү жоопкерчилиги экенине ишенем.

Президент Гүл суу техникалык бир зат эмес, адамзаттын келечегине тийешеси бар, атүгүл жашоонун так өзү жана маданият экенин белгиледи. Абдулла Гүл дүйнө жүзүндө калк санынын улам өсүүсү, миграция жана экономикалык өнүгүүлөр жер шарындагы суу ресурстарына терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады:

- Тийиштүү чаралар көрүлбөсө, 2010-жылдан баштап Түркиянын суу менен тейленүү жаатынан жакырчылык деңгээлинин астына түшүп кете турганын эсептеп отурабыз.

Форумдун жүрүшүндө Түркиянын мурдагы президенттеринен ардагер саясатчы Сулейман Демирел дагы баяндама жасады. “Бүгүнкү күндө 1 миллиард адам бир стакан сууга муктаж”,-деген Демирел “күн сайын дүйнөдө 5 миң бала суунун жетишсиздигинен улам өлүп жатат. Бул – адамзаттын драмасы болуп эсептелет” деп кошумчалады.

Форумда Кыргызстандын Суу ресурстары жана айыл-чарба министри Бараталы Кошматов да чыгып сүйлөдү. Кыргызстанда глобалдык климаттын жылуулашынан улам мөңгүлөр ээрип, дарыяларда ташкындар жана селдер жыш каттала баштаганын билдирген Кошматов мырза, Кыргызстандын ичиндеги суу ресурстарынын корголуусу жана башкарылуусу, бул ресурстардан пайдаланган башка өлкөлөрдүн пикирлерин да эсепке алуу менен жасалып жатканын айтты.

Тажикстандын Суу ресурстары министри Саиди Якупзада болсо, суунун тегерегиндеги проблемаларды бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен түзүлчү бир диалог платформасында талкуулоо чоң мааниге ээ экенин көрсөттү.

Бешинчи дүйнөлүк суу форуму 21-мартта аяктайт.

XS
SM
MD
LG