Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Обама Иранга алакаларды жаңыртууну сунуштады


АКШ президенти Барак Обама Иран элине жана жетекчилерине Нооруз майрамына байланыштуу видео кайрылуу жасап жаткан учур
АКШ президенти Барак Обама Иран элине жана жетекчилерине Нооруз майрамына байланыштуу видео кайрылуу жасап жаткан учур

АКШ президенти Иранга жолдонгон видое кайрылуусунда Тегеранды эки тараптуу байланышты жаңыртууга, чыңалган алаканы жумшартууга үндөдү. Тегеран чиновниктери мындай чакырыкка абайлоо менен жооп беришүүдө.

АКШ президентинин Иранга жолдонгон видео кайрылуусу Нооруз майрамына туш келди. Барак Обама ирандыктарды жаңы жылы менен куттуктап, аны менен катар эки тараптуу алаканы да жаңыртууга чакырды:

“Сиздердин жаңы жыл да кирип келгендиктен, жөнөкөй ирандыктар жана Ирандын жетекчилери биз издеп аткан келечекти түшүнүшүңүздөрдү каалар элем. Ал – биздин элдердин карым-катнашындагы жаңыланууларга, соода жана достук байланышыбыздын чыңалышына байланышкан келечек. Ал – эски таарынычтар артта калган, сиздер, кошунаңыздар жана жалпы дүйнө көбүрөөк коопсуз жашай ала турчу келечек”,- деди Барак Обама.

Обама кайрылуусунда АКШ менен Ирандын ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу айткан жок. Бирок мурда белгилүү болгондой, АКШ Ирандын өзөктүк энергия программасын сынга алып, аны өзөктүк курал өндүрүүгө багытталган деп сындап келген. Ошондой эле Вашингтон Иранды террорчу уюумдардын катарына киргизилген “Хамас” менен “Хезболлахты” колдойт деп айыптаган.

Иран үчүн тандоо мезгили келгени айтылган Обаманын кайрылуусун жөнөкөй ирандыктар жылуу кабыл алышканы менен бийликтер азырынча өтө аярлык менен үн катышууда. Расмий Тегеран Обаманын алакаларды жаңыртуу тууралуу каалоосун жалпысынан колдогону менен АКШ сөздөн ишке өтүшү керектигин, Ирак менен Ооганстанда америкалыктардын аскерлери турганы абалды кыйчалыш кылып жатканын билдирди.

Обаманын Иранга болгон сунушу бүгүн Европада да кубаттоолорго алынды. Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солана да окуянын ушул нукта өнүгүшүнө үмүт артат:

“Менин оюмча бул абдан конструктивдүү кайрылуу болду. Мен ирандыктар президент Обаманын айткандарына жакшылап көңүл бурушарына үмүттөнөм. Бул кайрылуу Тегеран менен алаканын жаңы баракчасы болуп калат деп үмүт кылам”,- деп билдирди Хавьер Солана.

Москва дагы АКШ президентинин Иранга болгон кайрылуусун кубаттады. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рыбаков төмөнкүлөргө токтолду:

“Биз муну кубаттайбыз. АКШ өкмөтү Иран менен саясий жана дипломатиялык жолдо мамилесин өнүктүргөнү жатканын абдан маанилүү деп эсептейбиз. Биз муну эл аралык коомчулук менен АКШнын Ирандын өзөктүк программасын чечүүгө багытталган эң жакшы жол деп ойлойбуз.”

Ал эми Ирандын отун-кубат министри Парвиз Фаттах жума күнү Истанбулда маалымат жыйынында чыгып сүйлөп, Обаманын чакырыгына мындайча пикирин билдирди:

"Биздин ишенимибизде, Обама мырзанын катына кошумча эле анын жана АКШ өкмөтүнүн позитивдүү иш-аракеттерине да муктажбыз. Демек, сүйлөшүүлөргө кошумча эле иш-аракеттерге да муктажбыз деп ойлойбуз."


Обаманын Нооруздагы Иранга кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:40 0:00

XS
SM
MD
LG