Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:58

БШК президенттик шайлоо жараянын баштады


БШК төрагасы Дамир Лисовский президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом бүгүн "Эркин Тоо" гезитине жарыялангандыгына байланыштуу 21-марттан тарта президенттик шайлоо өнөктүгү башталды деп жарыялады. Ага ылайык БШК бүгүнкү жыйынында президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча 9 бөлүктөн турган календардык иш планын бекитип, облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүү, талапкерлер топтогон кол тамгаларды кабыл алуу, текшерүү жана талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрү менен иштей турган жумушчу топтор жөнүндөгү жоболорду кабыл алды. Андан тышкары "БШКнын коомдук кабыл алмасы", "Массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоонун тартиби" жана "Автоматташтырылган мамлекеттик "Шайлоо" системасын уюштуруу" тууралуу жоболорду кабыл алып, жумушчу топторунун тутумун бекитти.(BD)

XS
SM
MD
LG