Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Бүгүн Кыргызстанда жоогазын ыңкылап күнү


2005-жылдын бул күнү мурунку президент Аскар Акаев Москвага качып кетип, бийлик алмашып өкмөт башына “Кыргызстан элдик кыймылынын” төрагасы, мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев келген. 24-марттын кечинде Кыргызстандын бийлик бутактарынын ичинен иштеп турган жалгыз бийлик- мыйзам чыгаруу бийлигинин депутаттары жыйын курушкан. Алар адегенде сессия эмес өлкөнүн келечегин талкуулаган бирдиктүү элдик кеңештин жыйынын өткөрөлү деген менен баш кошо алышпай ал кездеги Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы жана 2005-жылы шайланган депутаттары өз-өзүнчө, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары өзүнчө жыйын курушкан. Мыйзам чыгаруу бийлик бутагындагы башкы талаш Жогорку Соттун ошол кездеги төрагасы Курманбек Осмоновдун Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарын каттоого алган Борбордук Шайлоо комиссиясынын 2005-жылдын 22-мартындагы токтомун жокко чыгарган чечиминен башталган. Сот кабыл алган ал чечим боюнча жаңыдан мандат алган депутаттарды депутат деп эсептөө жокко чыгып, шайланды деп бүтүм чыгарган округдук комиссиялардын чечими гана күчүндө калган. Андан тышкары Жогорку Кеңештин эки палаталуу мурдагы парламенти 14-апрелге чейин иштей алат деген билдирүү катуу талаш жараткан. Ушундан улам Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары өзүнчө жыйын өткөрүп, палата спикери Абдыганы Эркебаевдин төрагалык милдетин өткөрүп берүү чечимин кубатташкан. Анын ордуна эки талапкер көрсөтүлүп, Кубатбек Байболов 18 добуш менен өтпөй, 44 депутаттын колдоосун алган Ишенбай Кадырбеков палата спикери болуп калган. Палата өкмөткө ишеним көрсөтпөө жана өлкөнү башкарууну Коодинациялык кеңешке жүктөө жөнүндө токтом кабыл алып, убактылуу жаңы өкмөттүн курамын 25-марттын таңына чейин аныктоо милдетин алдыга койгон.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын мындай чечими жаңы парламенттин дароо нааразылыгын жаратып,жаңы шайланган депутаттардын бири Жантөрө Сатыбалдиев 24-марттын түнүндө парламентте:

-Менин оюмча бүгүн революция жасагандар жоопкерчиликти да алууга милдеттүү деген ойдомун. Биз кырдаалдан чыгуунун бирдиктүү бир жолун ойлоп табабыз деген бүтүмгө келгенбиз. Мына мен азыр эле Эл өкүлдөр жыйынында болдум. Алар эбак кызмат бөлүштүрүүгө киришип, өзүлөрүнүн төрагасына президенттин милдетин аткарууну тапшыра башташыптыр. Мындай мамиле биригүүгө эмес, ажырымга алып барат?-деп кызмат бөлүштүрүүнү кое туруп, борбордун дүкөндөрү менен базарларын талап-тоноолорду тезинен токтотуу чарасын көрүүгө чакырган.

Ушундай ойлорду башка депутаттар да айтып, убактылуу бийликти колуна алган адамды тезинен тактап, элди тескөөнү талап кылышкан. Бул маселе өкмөт үйү алынгандан тарта эмне кылышаарын билбей эл башы боло турган адамдарды кечке күтүп жадаган адамдар талап-тоноого барышкандыгын Коордунациялык кеңештин парламентке келген өкүлдөрү да билдиришкен болчу. Бир топ талаш–тартыштан кийин тартипти жөнгө салуу үчүн Ички иштер министрлик милдетин же коменданттык милдетти аткаруу Феликс Куловго тапшырылган. Ал эми Бишкектин ири дүкөндөрүн тоногон атуулдар машинелеп, жөө-жалаңдап буюмдарды ташып кетишкен. Ошол кездеги «Ата журт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева буга элдин жакырдыгы менен байлардын мүлкүнө нааразылыгы түрткү болду деп баа берген. (BD)

XS
SM
MD
LG