Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Ыңкылап майрамы өлкө боюнча белгиленүүдө


Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында 24-март ыңкылап күнүнө арналган салтанаттуу жыйындар, спорттук мелдештер өткөрүлүп, ыңкылапка салым кошкон адамдарга сыйлыктар берилүүдө. Бишкекте бул күнгө арналган салтанаттуу жыйын түштөн кийин опера жана балет театрында болот. Ага Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол баш болгон бийлик өкүлдөрү катышат. Аягында ыңкылапка арналган чоң концерт болот. Ага президент Курманбек Бакиев катышпайт. Ал кечинде мамлекеттик сыналгы аркылуу жалпы өлкө элине президенттик жаңы багыты тууралуу кайрылуу менен чыгат деген маалыматтар бар.(BD)

XS
SM
MD
LG