Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Президент жаңылануу багытын сунуштады


Президент Курманбек Бакиев телекөрсөтүү аркылуу өлкө калкына кайрылып, Кыргызстандын жаңылануу багытын сунуштады. Анда өлкөнүн өнүгүшү үчүн бир катар негизги багыттар тууралуу сөз болот. Ошол эле учурда айрым серепчилер кайрылууда жакшы сөздөр айтылганы менен президенттин сөзү менен иши дал келе бербестигин белгилешүүдө.

Президент кайрылуусунда коом кедейчиликтен, социалдык теңсиздиктен, коррупциядан, адеп-аклактык жана руханий жакырдыктан өтө жайбаракаттык менен арылып жатканына катуу кабатыр экенин, бул абалга бийликтин да тиешеси бардыгын, бирок бийликте азыр ким отурбасын - бир гана каалоо, бир гана колдун шилтеми менен кырдаалды жөнгө сала албастыгын, бул оор жана узак процесстигин айтты.

Ошондой эле оппозициянын өлкө авторитаризм багытында баратат, бийликтегилерди алмаштыруу зарыл дегенине жооп катары адамдарды алмаштыруудан кырдаал өзгөрбөстүгүн белгиледи:

- Оппозиция өкүлдөрү бийликтеги адамдарды алмаштыруу зарыл деп тынбай айтып жатышат. Алардын оюнча, өлкө авторитаризмге ооп бараткандай. Ал эми менин ишенимимде, адамдарды алмаштыруудан кырдаал өзгөрбөйт. Андан көрө коомдук системанын механизмдерин, багыттарын башка нукка салган оң. Ал үчүн биринчиден: чыныгы көп партиялуулук система жана конструктивдүү оппозициянын ишмердигине шарт түзүү керек. Экинчиден: жарандык коом институттары менен диалогго жана кызматташтыкка жетишүү кажет...

Оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүгө баруу сунушу буга чейин да айтылып, бирок мындай сүйлөшүү натыйжасыз аяктап, кайра саясий кысымдар күчөп, оппозициялык саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун камалышын эске салган парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын өкүлү Иса Өмүркулов болсо бул кайрылууда системалык кризистен чыгуу жолдору айтылбаганын айтат:

- Эгерде кайрылуунун артында кандайдыр бир иштер жүргүзүлүп, ишке ашса анда ушундай программаларга эл ишенет эле. Тилекке каршы, бул дагы мурдагы кайрылуулардай эле декларативдүү болуп калды. Эгерде системалуу өзгөрүүлөргө барам, Конституциялык реформанын негизинде тең салмактагы тең бийлик болот, мен президент катары калыс болом десе ынансак болот эле. Кайрылууда бүгүнкү системалык кризистен чыгуу жолун айтабы дедим эле, бирок андайды уга албадым.

Ошол эле учурда президенттин бул кайрылуусунда айтылган ойлорду кубаттаган Ак жол фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуев бийлик оппозиция менен кызматташууга кызыкдар экенин белгилейт:

- Оппозиция менен кызматташуу – коомдогу чыңалууну женилдетет. Оппозициянын бийлик биз менен кызматташпайт дегени орунсуз, жөнсүз. Себеби бийлик дагы оппозиция менен кызматташууга кызыкдар жана анын келечеги бар.

Президент кайрылуусунда жарандык коом менен кызматташуу зарылдыгын айтып, мамлекеттик жана коомдук талдоо иштерин жүргүзүүдө жарандык коомго мамлекеттик тапшырма жана грант берүү тажрыйбасын киргизүүнү сунуштады. Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердиги жөнгө салынууга тийиштигин, бирок жарандык коомдун өнүгүшүнө бөгөт болбош керектигин айткан президент “Мен жаңылануу документинде авторитаризм тенденцияларына жол бербөө чараларын жана механизмдерин сунуш кылып жатамын”, - деп да кошумчалады.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдурасулова болсо президенттин сөзү менен иши дал келбейт деп эсептейт. Анын пикиринде, өлкөдө авторитардык режим негизинен орноп калды, жана президент ага жол бербейм дегенден көрө буга чейинки бузулган принциптерди калыбына келтиребиз десе туура болмок.

- Бир жагынан кайрылуудагы сөздөр абдан жагымдуу, кооз сөздөр. Бирок иш жүзүндө жасалып аткан жумуштар ага кайчылаш келип калууда. Жарандык коомдун өнүгүшүн айтып атса анын өнүгүшүнө бөгөт койчу мыйзам иштеп чыгуу демилгелери чыгууда. Бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик грант беребиз деген бул Орусиянын ыкмасы. Ошол эле учурда жарандык коомдун үнүн басуунун бир жолу. Авторитардык система болсо негизинен орноп эле калды. Адам укуктары бузулбаган, же демократиялык принциптерден артка тайбаган кайсы багыт калды, бүгүн аны айта албайт.

Саясат таануучу Жамгырбек Бөкөшов болсо канткен менен кайрылуудагы сунуштар ишке ашаарына үмүт артат:

- Эми анын канчалык деңгээлде ишке ашаарын убакыт көрсөтөт. Азыр өлкө экономикалык жактан да, саясий жактан да кыйын абалда. Бирок канткен менен президенттин кийинки кездеги багыты жакшы үмүт жаратып, алардын ишке ашуусуна негиз бар деген ойдомун.

Курманбек Бакиев ошондой эле кийинки президентке өлкөнү өзү алганга караганда дурус абалда өткөрүп берүүнү, Кийинки президент ким болбосун, ал саясый жактан туруктуу, оң өзгөрүүлөргө даяр, 2001-2005-жылдарга салыштырганда таанылгыс өлкөнү кабыл алышын өзүнүн моралдык парзы катары атады.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG