Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

"Газпром" Украинага эскертүү жолдоду


Орусиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясы Украина Москва менен кеңешпестен газ куурларын модернизациялоо долбоорун баштабоого тийиш деп эскертти. Ишкананын транспорттоо бөлүмүнүн жетекчиси Олег Аксютин жактырылбаган өзгөртүүлөр экспорттоо жараянына гана эмес, Орусия менен Борбор Азиядагы газ өндүрүүгө терс таасир этиши мүмкүн деп билдирди. Өткөн аптада Еврошаркет Украинанын газ куурларын оңдоп-түзөөгө убада кылган. Киев болсо бул үчүн энергия тармагында айкындуулукту камсыздоого сөз берди.

XS
SM
MD
LG