Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Алайлыктар митингде саясий куугунтукка кабылгандарды бошотууну талап кылышат


Бул туурасында «Азаттыкка» Гүлчө кыштагындагы тынчтык митингди уюштуруучулардын бири Элмира Тургунбаева билдирди. Анын айтуусуна караганда, миңге чукул адам катышкан акция учурунда оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрү - Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Исмаил Исаковго карата кылмыш ишин токтотуп, биротоло актоо, ошондой эле тышкы иштер боюнча экс-министр Аликбек Жекшенкуловду, мурдагы курулуш жана архитектура агенттигинин директору Ишенбай Кадырбековду эркиндикке чыгаруу бошотуу талабы коюлат. Алай районунун акими Алмазбек Осмонов менен байланышканыбызда, митингди маданият үйүндө өткөрүүгө уруксат берилгендигин, акциянын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык чаралар көрүлөөрүн билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG