Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Чоң жыйырмалык экономикалык кризиске каршы чараларды макулдашты


АКШ президенти Барак Обама Лондондогу маалымат жыйынында ал жерде өткөн саммити “тарыхый” жана “жемиштүү” деп атады. Кечээ аяктаган саммитте Чоң жыйырмалыктын тобуна кирген өлкөлөр антикризистик иш-чаралар үчүн жалпысынан бир триллион доллар ажыратууну макулдашты. Бул каражат Эл аралык валюта кору жана башка каржы институттары аркылуу муктаж өлкөлөргө бөлүнөт.
Саммитте ошондой эле алдыдагы эки жылда дүйнөлүк сооданы жандандыруу үчүн 250 миллиард доллар ажыратуу макулдашылды.
Мындан сырткары британ өкмөт башчысы Гордон Браун билдиргендей, саммитте жетишилген чараларга ылайык, банктар эми өз иштеринде купуялуулукту токтотуусу керек, хедж фонддордун ишине көзөмөл күчөйт, Салык жеңилдиктерин тартуулаган алакандай өлкөлөр менен аралдар мындан баш тартпаса, аларга каршы санкциялар киргизилет.
Франциянын президенти Николя Саркози саммиттин жыйынтыктары күтүлгөндөгүдөн ашып өткөнүн белгиледи. Дүйнөлүк биржалар Лондон саммитинин жыйынтыктарына индекстердин жогорулоосу менен жооп берди.

XS
SM
MD
LG