Анда кыймылдын Саясий бюросу 15-апрелге чейин алдыда жасала турган иштердин планын бекитип, БЭКтин атынан президенттикке көрсөтүлчү бир талапкерди тактоо иштерин жандантсын деген чечим кабыл алынды. Андан тышкары 9-апрелде Аликбек Жекшенкулов менен Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловго колдоо көрсөтүү чечимине келди. Айрым маалыматтарга караганда 9-апрелде Биринчи Май райондук соту Жекшенкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын, ал эми Жогорку Кеңеш Иса Өмүркуловду депутаттык кол тийбестик укуктан ажыратуу маселесин карашы күтүлүүдө.(BD)