Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Шайлоонун шай оодарчу жарышына жол ачылды


2007-жылкы парламенттик шайлоодон кийин
2007-жылкы парламенттик шайлоодон кийин

23-июлдагы президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга үч талапкер арыз тапшырды. Кечээ оппозиция лидерлеринин бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков БШКга кайрылып, арыз берди. Ага чейин БШКга ишкер Дамира Өмуркулова, Патриоттор партиясынын төрагасы Назарбек Нышанов кайрылган.

Буга чейин президенттик шайлоого кимдер катышары жөнүндөгү маселеге караганда кайсы талапкердин баш тартканы аркыл пикирлерди арбын жаратып келди. Президенттик шайлоого “Атамекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, революциялык штабдын жетекчиси Азимбек Бекназаров, “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Кулов катышуудан баш тартышкан. И.Исаков президенттикке талапкердигин кое тургандыгы Коопсуздук кеңеш катчылыгы кызматынан баш тартып, оппозиция катарын толуктагандан тарта болжолдонуп жаткан.

Чоң сыноого баш байлап жатышынын себеп-жөнүн Исмаил Исаковдун өзү момундайча түшүндүрөт.

- Биз айтканбыз, бир кандидатты тандайбыз. Бирок бизден эки-үчөө кошо чыгат деп. Бийлик айтып атпайбы, бирөөлөр чуркап Батыштан бирдеме алып келип жатат деп. Өздөрү болсо мынабу Орусиядан акчаны алып келип жатат.

И.Исаков катарында турган Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү, парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов оппозиция президентке атаандаш бир талапкерди колдой тургандыктарын ырастады. Анын айтуусунда, бийлик үчүн тирештин соңунда эки талапкер гана калышы мүмкүн.

- Азыркы К.Бакиевдин бийлиги элдин өз өкмөтүн, бийлигин тандоо укугун тартып алган. Тилекке каршы, шайлоо бул бир алдоо жолу болуп калды. Алдоо жолу менен бийликке келиш бийликти тартып алуу болот. Менимче, бириккен оппозициянын быйылкы негизги максаты - ошол бийликти алмаштыруу.

Мыйзам чегинде алдагыдай максат-мүдөөгө жетиш оголе көп түйшүктү, эркти, каражатты талап кылчу жумуш. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин айтуусунда, президенттикке талапкерлер шайлоого катышуу ниетин билдиришкен соң 100 миң сомду күрөөгө коюп, республиканын булуң-бурчунан 50 миң кол топтошу абзел. Андан сырткары президенттикке талапкердин шайлоо фондунда 50 миллиондон ашпаган сом акча турушу зарыл. Анан да 18-майдан кечиктирбей талапкерлер документтерин тапшырышы керек.

- Документтерин толук тапшыргандан кийин 10 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы аны каттоо жөнүндө чечим кабыл алат. Документтери толук, ошол кодекске ылайык болсо 10 күндүн ичинде катталат.

2007-жылкы парламенттик, былтыркы жергиликтүү кеңеш шайлоосу кандай өткөнүнөн кабардар бейөкмөт уюмдар, көпчүлүк саясий партиялар маалынан бир жыл эрте белгиленип жаткан шайлоодо деле бийлик кысымы колдонулушунан шек кылышпайт. Антишке өткөн жылы парламент тарабынан шайлоо учурундагы бармак белгинин алынып ташташы, бейөкмөт уюмдардын саясий укуктарын чектөө аракети шек берүүдө.

Улуттук тилектештик кыймылынын ордо кеңешинин мүчөсү Анарбек Усупбаев президенттик шайлоо оңор эмес акчаны “оп” тартып кетчү саясий иш-чара деп эсептейт.

- Эми бери жагы 5 миллиондой доллар кетет го, деп ойлойм. Шайлоого барып утам десечи. Анан жөн эле жарышка түшүп калайын, атым чыксын дегендер деле бар. Алар болсо акча кетирбейт.

Исмаил Исаков алдыдагы шайлоодо элдин добушун уурдоо абыдан опурталдуу натыйжаларга алып барышы мүмкүн, деген пикирде.

- Ким ошондойду жасайм, десе А.Акаевдин кейпинен жаман кейпти кийип калышы ыктымал.

Азыркы бийлик атаандаштары президенттик шайлоого талапкерин “Акжол” партиясынын курултайы өткөндөн кийин жарыя кыларын айтып келатышат. Президент К.Бакиев 4-апрелдеги ишембиликте ден соолугу мыкты, күн сайын эрикпей көнүгүүлөр жасап жатканын айтып, экинчи мөөнөткө даяр экенин эл алдында ырастагандай болду.

XS
SM
MD
LG