Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

АКШнын аскерий кемеси сомалилик каракчыларга байкоо салууда


Мунун алдында Сомалинин сууларынан деңиз каракчылар кечээ америкалык жүк тарткан кемени басып алышкан эле. Кеменин 20 адамдан турган экипажы кайра кырдаалды өз көзөмөлүнө алууга жетишкен, бирок кайыктар менен качкан каракчылар кеменин капитанын өзүлөрү менен кошо ала кетүүгө үлгүрүшкөн. Капитан азыр алардын колунда, барымтада турат.

Бүгүн Сомалинин жээгине АКШнын “Бэйнбридж” деп аталган согуштук кемеси барды. Азыр окуя болгон аймактагы сууларда, күзөттө америкалык бир нече кеме жүрөт.

Шаршемби күнкү окуя- америкалык моряктарга каракчылардын акыркы 200 жыл ичиндеги биринчи кол салуусу болду. Кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салуу аракетинде учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG