Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Ооганстанда коалициялык күчтөр былтыр 10 француз аскери набыт болгон өрөөндү ээлешти


Француз, ооган жана АКШ куралдуу күчтөрү катышкан согуштук иш-чарага 800 мыкты даярдыктагы аскерлер катышып, АКШ аба күчтөрүнүн асмандан колдоосу алдында талип согушчандары уялаган Узбин өрөөнүнө киришти. Олуттуу каршылыксыз өрөөнгө кирип барган эл аралык күчтөр эми, бул аймакта ооган улуттук армиясынын чыңалышына көмөк көрсөтүшмөкчү. Аталган өрөөндү талипчил согушчандардын башчысы Гүлбуддин Хекматяр жерлеп келген эле. Ошондой эле бул аймак аркылуу Пакистандан келген согушчандар башка өрөөндөргө өткөрүлүп тургандыктан, маанилүү аймак катары эсептелип келген.

XS
SM
MD
LG