Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

БШК Дамира Өмүркулова менен Назарбек Нышановдун арызын каттаган жок


Мындай чечим БШКнын бүгүн өткөн жыйынында кабыл алынды. Назарбек Нышановдун арызы Шайлоо Кодексинин талабына ылайык арыз бергенден кийинки беш күндө шайлоо фондун ачпагандыгы үчүн катталбай калды. Ал эми “Даанышман” ("Мудрость") саясий партиясынын өкүлү Дамира Өмүркулова өз каалоосу менен арызын алып салды. Буга чейин “Вечерний Бишкек” гезитинин жооптуу кызматкери Эрлан Сатыбеков дагы президенттикке талапкер катары кечээ арыз берип, бирок, арызын кайра алып койгондугу маалымдалган.
БШК ушул эле күнкү отурумунда талапкер катары арыз берген дарыгер Жеңишбек Назаралиевдин ишенимдүү эки өкүлүн каттады. (BuS)

XS
SM
MD
LG