Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Депутат Санжар Кадыралиевдин сөөгү бүгүн жерге берилет


Эки күн мурун белгисиз бирөө атып өлтүргөн депутаттын сөөгү 16-апрелде өзүнүн туулган айлы Кызыл-Сеңирде жерге берилет. Кечээ “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов баш болгон бир катар депутаттар Ошко учуп кетишкен, бүгүн спикер Айтибай Тагаевди коштоп, дагы бир нече депутат кесиптешинин тажиясына катышуу үчүн Өзгөнгө барышат. Бул тууралуу “Ак жол” партия төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Автандил Арабаев “Азаттыкка” билдирди.
14-апрель күнү саат 17лер чамасында ЖК депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Санжар Кадыралиевди Бишкектеги Бөкөнбаев-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан белгисиз бирөө башына аткан. Депутат ошол жерде каза болгон. Бул окуя боюнча ИИМ кылмыш ишин козгоп, ИИМ алдындагы башкы тергөө башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG