Бул жөнүндө БЭКтин штаб башчысы А. Бекназаров Аксы районунда оппозициянын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, курултайда президенттикке оппозициядан талапкер көрсөтүлөт. Жыйын өткөрүү үчүн спорт сарайын сүйлөшүү жагы Б. Шерниязовго жүктөлгөн. А. Бекназаров 27-марттагы митингдеги талаптарды бийлик аткара электигин да айтты. Ал талаптарды 20-апрелге аткаруу үчүн бийликте убакыт бар. Аталган митингде оппозиция БШКдан тартып, бардык шайлоо комиссияларынын жана күч органдарынын жарымын оппозициялык партиялардан куроону талап кылган. (YA)