Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

БЭКтин талапкери – Алмазбек Атамбаев


Алмазбек Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйынында
Алмазбек Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйынында

Бириккен элдик кыймыл бүгүн оппозициядан президенттикке бирдиктүү талапкер катары Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялады.

БЭК мындай чечимди 15-апрелдеги жыйынында кабыл алган. Ал чечим бүгүнкү маалымат жыйынында расмий түрдө жарыяланды. Анда оппозиция өз талапкеринин алдына үй-бүлөлүк башкарууну жоюу, чыныгы демократиялык коомдуу куруу сыяктуу талаптарды койгону айтылды. Маалымат жыйынына Өмүрбек Текебаев, Бакыт Бешимов, Иса Өмүркулов жана башка лидерлер катышты.

Бүгүнкү маалымат жыйынына катышкан Алмазбек Атамбаев болсо “мага президенттик эмес, Кыргызстандын келечеги керек” деп айтып, өзү кудайга ишенген адам экенин жана анын жолунан тайбашына мына ошол гана кепилдик боло алаарын белгиледи.

“Мен дагы президенттикке барууну каалагандардын катарында эмес элем, мен Өмүрбек Текебаев менен Бакыт Бешимовдун талапкерлигин сунуштагам, бирок оппозиция ушундай чечкенден кийин мен ага баш ийүүгө тийишмин”, - деди Алмазбек Атамбаев. Ошондой эле ал демократиялуу өлкөдө жашоону кааларын, экономикалык жактан алганда Кыргызстанга кризис анча таасир этпесин, болгону уурулук өтө көп экенин белгилеп, “мен өлкөнү кантип тартипке келтирүүнү жана уурулукту азайтууну билем, азыркы бийлик эч жакка алып барбасын эл түшүнөт, аны бул бийликтин өкүлдөрү өздөрү да түшүнөт”, - деп айтты.
Азыркы бийлик эч жакка алып барбасын эл түшүнөт.

Оппозиция талапкери мындан сырткары бул жолу эл өз добуштарын коргоп калаарына ишеним артты.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев болсо оппозиция Алмазбек Атамбаевди президент кылып шайлап койбогонун, ал үй-мүлкү, каражаты менен тобокелчиликке барып жатканын айтып, мына ошол үчүн ага ыраазычылык билдирип жатышканын билдирди. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров Курманбек Бакиев кыргыз элин сатып кетти деп, ал эми Алмазбек Атамбаевдин учурунда бийлик менен кызматташуусун аргасыз кадам катары баалады.

Алмазбек Атамбаев1956-жылдын 17-сентябрында Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Учурда Кыргызстан социал-демократиялык партиясын жетектейт.

Алмазбек Атамбаев 2000-жылдагы президенттик шайлоого да талапкер катары катышкан. Ал 2005-жылдагы март окуясына чейин “Форум” өндүрүштүк тобун жетектеп, ыңкылаптан кийин Феликс Кулов баштаган жаңы өкмөттө бир жылдай өнөр-жай министри болуп иштеп, 2006-жылдын жазында күтүүсүздөн бул кызматын таштап, оппозицияга кошулган.

2007-жылдын жазында өлкөнүн премьер-министрлик кызматына келип, сегиз айдан кийин өлкө башчысынын жардыгы менен өкмөт башчылыктан бошогон.

Ошол эле учурда Алмазбек Атамбаев премьерликке ошол кездеги оппозициянын, тактап айтканда "Реформа үчүн" кыймылынын чечими менен барганын Азимбек Бекназаров бүгүн "Азаттыкка" берген интервьюсунда билдирди. Анын пикиринде, 2007-жылы март айында оппозиция өз ара сүйлөшүп, өкмөт башчылыгына А. Атамбаевди сунушташкан. А. Атамбаевдин өзү болсо К. Байболовду же Т. Сариевди премьерликке сунуш кылган, бирок “Реформа үчүн” кыймылы А. Атамбаевге токтолгон. Бирок ал өкмөткө барганы менен, ал сунуш кылган орундарга оппозиция өкүлдөрү барбай коюшкан. Белгилүү болгондой, ал учурда А. Атамбаевдин өкмөтүндө анын партиялаштары - социал-демократтардан С.Жээнбеков, Т.Абдыраимов иштешкен.

А. Бекназаров мурда маалымат каражаттарына берген интервьюсунда “Атамбаев бизди эмес, биз Атамбаевди өкмөттүн курамына барбай коюп, сатып кеткенбиз", деген эле.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG