Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

А.Бекназаров: "Атамбаев премьерликке оппозициянын чечими менен барган"


Бүгүн Азимбек Бекназаров "Азаттыкка" берген интервьюсунда, өз учурунда Алмаз Атамбаев өкмөттү башкарууга "Реформа үчүн" кыймылынын чечими менен барганын билдирди. Анын пикиринде, 2007-жылы март айында оппозиция өз ара сүйлөшүп, өкмөт башчылыгына А. Атамбаевди сунушташкан. А. Атамбаевдин өзү болсо К. Байболовду же Т. Сариевди премьерликке сунуш кылган, бирок “Реформа үчүн” кыймылы А.Атамбаевге токтолгон. Бирок ал өкмөткө барганы менен, ал сунуш кылган орундарга оппозиция өкүлдөрү барбай коюшкан. Белгилүү болгондой, ал учурда А. Атамбаевдин өкмөтүндө анын партиялаштары - социал-демократтардан С.Жээнбеков, Т.Абдыраимов иштешкен.

А. Бекназаров мурда маалымат каражаттарына берген интервьюсунда “Атамбаев бизди эмес, биз Атамбаевди өкмөттүн курамына барбай коюп, сатып кеткенбиз", деген эле.

XS
SM
MD
LG