Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Армения Осмон дөөлөтүндө армяндардын кырылганынын 94 жылдыгын белгилөөдө


Армяндардын ырастоосунда, Биринчи Дүйнөлүк согуштун тушунда ошол кездеги Осмон империясы тарабынан кырылган армяндардын саны 1,5 миллионго жетет. Армяндар өз тарыхындагы бул окуяны геноцид катары эсептейт, ал эми азыркы Түркия мындай ырастоолор менен макул эмес.

Бүгүн Еревандын көчөлөрү аркылуу миңдеген адамдар жөө өтүп, дээрлик бир кылым мурдагы окуянын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбарларды коюшту.

Быйылкы эскерүүнү утурлай ушул шаршемби күнү Армения менен Түркия “жол картасы” деп аталган документке кол коюуга жетишти. Ал эки өлкөнүн ортосунда ондогон жылдарга созулган, душманчыл маанайдагы мамилени нормалдаштырууну максат кылат. Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө геноцид, ага катар Түркия – Армения чек арасын ачуу маселелери каралары күтүлүүдө. Түркия Армения менен чек арасын 1993- жылы Тоолуу-Карабах чатагы учурунда Азербайжанга тилектештик көргөзүү ирээтинде жаап салган.

XS
SM
MD
LG