Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Оштук айдоочулар жолкирени арзандатканы үчүн шаардык кеңешке нааразы


Ош шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, 20-апрелден тартып калаа ичиндеги маршруттук каттамдардын жолкиреси жети сомдон беш сомго арзандаган. Депутаттар мындай чечимди күйүүчү майлардын баасы кескин төмөндөгөнү менен негиздешкен. Бирок бүгүн шаар бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушкан 200 чакты айдоочу жолакыны үч күндүн ичинде калыбына келтирүүнү талап кылышты. Эгерде өтүнүч орундалбаса, иш таштоо жарыялашаарын да эскертишти. Ош шаардык жүргүнчүлүк транспорт агенттигинин директору Шакир Молдалиев айдоочулардын суранычын аткарууга мүмкүн эместигин, ал эми чектен чыккан кишилерге чара көрүлөөрүн билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG