Бул жөнүндө Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” бүгүн (27-апрелде) ырастады. Зордукталган жеткинчек кыздын энеси берген көрсөтмө боюнча милиция кармаган күрт улутундагы жигит 1987-жылы туулган. Ал Петровкада 26-апрелде тополоң башталганда эле кармалып, Москва райондук милиция бөлүмүндөгү убактылуу абакка киргизилген. Азыркы учурда ага коюлган күнөө боюнча милиция тергөө-иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Петровка айылынын тургундарынын талаптарынын бири - 6-апрелдеги тири шумдук кылмышка тийешеси барларды айоосуз жазалоо болчу. Кыргыз президенти Курманбек Бакиев да бүгүн жергиликтүү тартип коргоо мекемелерин бул ырайымсыз кылмышты иликтөөдөгү ыкшоолугу үчүн сынга алды. (KCh)