Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Европарламент Иранды Роксана Саберини абактан бошотууга чакырды


Европарламент Иран бийлигин чукул арада жана эч кандай шарт койбостон журналист Роксана Саберини абактан бошотууга чакырды. Журналист Сабери өткөн айда АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыратылган. “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун ырасташынча, 32 жаштагы Сабери эки аптадан бери абакта ачкачылык кармоодо. Буга чейин АКШ да Сабериге коюлган айыпта негиз болбогонун айтып, Иран бийлигин журналистти бошотууга чакырган.

XS
SM
MD
LG