Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

С.Кадыралиевдин жан сакчысынын ата-энеси коомчулукка кайрылуу жолдошту


Бүгүн маалымат жыйынында жактоочу Самед Али оглу Самедов ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн мыйзамсыз иш аракеттеринен улам Эрнис Мамазаиров мыйзамсыз камалып жатканын билдирди. Анын айтымында, Э.Мамазаировго Кылмыш кодексинин 241-беренеси боюнча (“Мыйзамсыз курал алып жүргөн жана сактаган”) кылмыш иши козголгон. Самедовдун маалыматына караганда, 14-апрелде белгисиз адамдын аткан тапанчасынан жыгылган парламенттин мурдагы депутаты Санжар Кадыралиевдин белиндеги курда байланган тапанчаны Э.Мамазаиров алып, башкесердин артынан кууп барып, үч жолу ок чыгарган. Автоунаага түшө качкан башкесерге ок тийбей калганынан улам ал тапанчаны ыргытып жиберген. Эртеси Э.Мамазаиров окуя болгон жерге келип тапанчаны таап, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алып барып тапшырган. 15-апрелде аны милиция кызматкерлери камап, 17-апрелде Биринчи май райондук соту 241-берене боюнча айып тагып, 2 айга камоого чечим чыгарган. Э.Мамазаиров ок чыгарган “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча Орусиянын коргоо министрлигине таандык издөөдөгү курал болуп чыккан. Эрнис Мамазаировдун ата-энеси уулунун мыйзамсыз камакта жатканын белгилеп, анын бошотулушун укук коргоо органдарынан талап кылышты. Эгерде алардын талабы аткарылбаса Өзгөн районунун Куршаб айылындагы туугандары айыл аймагындагы жол каттамын тосуп акция өткөрүүгө барышарын билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG