Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Тажик чек арачылары кыргыз жарандарын Сурх айылында кайрадан тосо башташты


Мындай маалыматты Баткендин Самаркандек айылынын тургуну Анипа Талипова бүгүн «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, 9-майдан баштап Тажикстандын Сурх айылынын жанынан чек арачылар кыргыз жүргүнчүлөрүн токтотуп, автоунааларын текшерүүнү башташты. Үч күндөн бери Кыргызстанга тиешелүү болгон КамАЗ жүк ташуучу автоунаасы 15 тонна жүгү менен “мыйзамсыз жүк” деген себеп менен Тажикстандын аймагында кармалып турат. Бул маалыматты башка тургундар да тастыкташты. Облустук бийликтин бул маселеге тиешелүү бөлүмүнө кайрылсак, аталган окуя боюнча азырынча маалыматы жок экенин айтышты.

Тажик чек арачылары 21-апрелде Исфана-Бишкек каттамында жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобуска ок чыгарышкан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, аталган жерге тажик чек арачылары чыкпай турган болуп макулдашылган эле. Баткен облусунун батыш тарабынын калкы облус борборуна жана Ош, Бишкек шаарларына каттоодо Тажикстандын Чорку, Сурх айылдарын аралап өтүүгө аргасыз. (JsA)

XS
SM
MD
LG