Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Нарында шамал мектептин чатырын учуруп кетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, 27-апрелде Нарыл облусунун Баш-Кайыңды айылында катуу шамал (секундасына 23 метрден 25 метрге чейин жеткен) катталган. Шамалдын кесепетинен айылдын Ч. Асеков орто мектебинин терезелери сынган (7 м²) жана чатырынан 4 даана шифер учуп кеткен. Райондук комиссиясы тарабынан жеринде түшүндүрүү жана текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушул эле күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунда Талас дарыясынын суусунун деңгээли жогорулап кеткен. Натыйжада Өзгөрүш айылы менен 450 гектар айдоо жерлерин байланыштырган көпүрөнү суу жууп кетип, жол байланышы үзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG