Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Аба ырайы


28-30-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. 29-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20, Ысык-Көлдө 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25 градус жылуу. Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24 градус жылуу. Тоолордо тункүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус жылуу.

Бишкекте 29-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7... 9, күндүз 16... 18 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG