Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

ФАТА жана ХАМАСтын бириккени Израилди кооптондурду


Палестиндердин ФАТА жана ХАМАС кыймылдарынын элдешкенине Израил жана Кошмо Штаттар тынчсыздануусун билдирди. Батыш Иордан менен Газа секторундагы бийлик бул атаандаш эки фракциянын колунда. “Бириккен палестин өкмөтү менен тынчтыкка жетишүү мүмкүн эмес, себеби ХАМАС уюму Израилди кыйратууга чакырып, куралдуу зобун-зордуктан баш тарта элек”,- деди Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху.

ХАМАСты “террорчул уюм” деп атаган Ак Үйдүн билдиришинче, болочокку палестин өкмөтү Израил менен тынчтыкка жетишем десе, зобун-зордуктан баш тартып, Израилди мамлекет катары таанышы зарыл. 27-апрелде ХАМАС жана Батыш колдогон ФАТА убактылуу өкмөт түзөлү деп макулдашкан. Келишим Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG