Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

“Кумтөр” кенин башкарууга Кыргызстандын өкүлү катыша баштайт


“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчиси Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, эми “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан “Центерра голд инк” компаниясынын вице-президенти Кыргызстандын жараны болот. Кыргыз тараптын мындай сунушун компаниянын директорлор кеңеши жактырды. Натыйжада Кыргызстан атайын сынак өткөрүп, талапкерлерди вице-президенттикке сунуштайт. Директорлор кеңеши алардын ичинен бирөөнү тандап алмакчы. Мындан тышкары “Центерра голд инк” компаниясынын директорлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлдөрүнүн саны бир адамга көбөйдү. Буга чейин аталган кеңеште мамлекеттин эки гана өкүлү бар болчу.

Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстан-Канада биргелешкен “Центерра голд инк” компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 33 пайызына ээлик кылат. 2010-жыл үчүн Кыргызстанга дивиденд катары 33 млн. доллар каражат май айында бөлүнүп берилмекчи. (KKs)

XS
SM
MD
LG