Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Нарында Ага-Хан университети жайгашкан жердеги жарака иликтенүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун жетекчиси Канатбек Абдырахматов кабарлады. Анын айтымында, Нарында мындан бир нече жыл мурда катуу жер титирөө катталып, жерде жарака пайда болгон. Жердин бир канаты 1,5-2 метр көтөрүлүп калган. Учурда зилзала качан болгону, жер силкинсе жараканын кесепети кандай болору такталып, иликтенүүдө. Абдыракматовдун айтымында, Нарын шаарындагы Борбор Азия Ага Хан университетинин жетекчилери жараканын кесепетин иликтеп берүү өтүнүчү менен аталган институтка кайрылган. Адистер бул жерде он күндөн бери иликтөө жүргүзүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG