Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Газада тынчтык концерти өтөт


Бүгүн Газа тилкесинде израилдик белгилүү дирижер Даниел Баренбойм жетектеген оркестр “тынчтык концертин” тартуулайт. Оркестр европалык белгилүү музыканттардан куралган. Баренбойм израилдиктер менен палестиналыктар ортосунда тынчтык орнотуу процессинин жактоочуларынын бири. Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин координациялоо боюнча БУУнун өкүлү маалымдаганына караганда, Европадагы атактуу оркестрлерде ойногон 50 чакты музыкант Газанын чек арасын Египет тарабынан кесип өтүшмөкчү. Баренбойм адатта Иордан дарыясынын батыш жээгинде концерт берип жүрөт. Израиль өкмөтү буга чейин ага Газа тилкесине өтүү уруксатын бербей койгон.

XS
SM
MD
LG