Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет башка тартип коргоо органдары менен бирге “Чөөнүн сааты” деп аталган китептин авторлорун аныктап, Кыргызстандын аймагында таркатылышына каршы иш-чараларды жүргүзүп жатат. УКМКнын маалымат кызматынын билдиришинче, аталган китеп боюнча үч эксперттик топ түзүлгөн. Үчөө тең бир ооздон китепте былтыркы июнь окуялары бир тараптуу чагылдырылган, улуттар аралык жаңжалды козутууга багытталган деген тыянак чыгарган. Сот комиссиянын тыянагы менен китепти мыйзамсыз деп таап, Кыргызстанда таркатууга тыюу салган. Башкы прокуратура болсо кылмыш ишин козгогон. (EBM)