Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

И.Чудинов:Энергетика тармагы жакшыртылса 25 пайыз электр энергиясын сактаса болот


Өкмөт башчы Игорь Чудинов мындай билдирүүнү бүгүн “Электр тармактарында жоготууларды кыскартуу” деп аталган эл аралык конференцияда жасады. Анын айтымында, электр энергиясын үнөмдөө чаралары жакшылап көрүлсө деле 13 пайыз электр энергиясын сактаса болот жана анын негизинде 550 миң тонна отун үнөмдөлөт. Өкмөт башчы, бирок көп ишканалар азыркы учур экономикасына карама-каршы келген механизм менен чарба жүргүзүп, жалпы тармактын аксоосуна шарт түзүп жатышат деп белгиледи.Бүгүн аталган конференцияда эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү, КМШнын эксперттери жана энергетика тармагы боюнча эл аралык адистер энергокомпанияларды башкаруу, электр энергиясын сактоо, эсептөө жана жоготууларды азайтуу боюнча жаңы технологиялар көрсөтүшүп, отун-энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун жаңы жолдорун конференцияда талкуулап жатышат.(BD)

XS
SM
MD
LG