Баңги соодасын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин кызматкерлери алты айдан берки операциясынын өтөөсүнө чыгып, кечээ баңги соодасы менен алектенген кылмыштуу ири топтун мүчөсү Анатолий Ачкасовду колго түшүрдү. Ал Орусияда баасы бир миллион доллар турган 29 килограммдык героинди Казакстанга чыгарып бараткан жеринен кармалды. Автомашинасынын атайын жасалган жерине катылган баңгизат оролгон кездемеде ал Ооганстанда жасалганы көрсөтүлгөн экен. Агенттик азыр Ачкасовго көмөктөш болгон адамдарды таап, жазага тартуу аракетин көрө баштады.(BD)