Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Ө. Текебаев: Клара Кабилова сөзүнөн кайткан жок


Былтыр күзүндө өлкөдөн чыгып кеткен БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова Бишкекке кайтып келип, “24 kg” агенттигине алгачкы интервьюсун берди. Анда мурдагы төрайым президенттин уулуна видео кайрылуу аркылуу койгон доосунан азыр күмөн санап жатканын билдирди. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” ушул маселеге байланыштуу суроолоруна жооп берди.

- Сиз дегеле Кабилованын кайтып келиши жөнүндө эмне айта аласыз. Анын билдирүүсү, кайтып келиши, Москвада болгон сиздердин жолугушуулардан кандайдыр бир тыянак чыгара аласызбы саясатчы катары?

- Клара Кабилова өлкөдөн чыгып кеткенден көп өтпөй Москвада биз жолугуп аңгемелешкенбиз. Аңгемебиздин мазмунун мен айта албайм, себеби Кабилованын макулудугу менен гана айтабыз деп макулдашканбыз, тилекке каршы азыркыга чейин ал макулдугун бере элек. Ал эми сүйлөгөн сөздөрдү сурасаңыз, ал бечара аял эмне дейт, аны коргоп кала турган эч ким жок болсо, аны коргойм деген оппозициянын кебетеси тигиндей болсо, алардын өздөрү камалып, куулуп, өрттөлүп, жоголуп аткан болсо... Чет жакка качып кетип жашаш үчүн дагы не деген каражат керек. Биз мисалы качып кете турган болсок деле, 1-2 жумадан кийин кайра Бишкекке келип калабыз. Ал эртеби-кечпи баары бир келмек, келди. Эми сиз айткандай бир жактуу эле айткан жок, Максимдин үнүнө окшош экен, тигил-бул дегенин коргонуу рефлекси катары, коргонуу механизми катары карасак болот. Бирок Кабилова өзүнүн сөздөрүнөн кайткан жок. Иши боюнча жаңжал, кимдир бирөөлөр чыгып коркуткандыгы жөнүндө, мурунку айткан сөздөрүнүн бирин да жок деген жок. Албетте коргоосуз калган жалгыз аял болсо, анан сактыктан улам жанагыдай сөздөрдү айтышы мүмкүн. Муну эч кандай Кабилова өз сөзүнөн кайтты деп жоруса болбойт.

- Клара Кабилова жанагыдай билдирүү жасаганда менин артымда эч ким турган эмес, бирок мен билдирүү жасагандан кийин мени бардык күчтөр пайдаланганга аракет кылышты, анын ичинде оппозиция да пайдаланууга аракет кылды деп айтып атат. Сиз кандай дейсиз?

- Ар кандай күчтөр пайдаланганга аракет кылганы бул табигый иш. Бул бийликтин накта жүзүн ачкан чоң чатак иш болду. Саясий күчтөр албетте муну өз пайдасына пайдаланга аракет кылды. Бирок бул жерден ачык позициясын айтып, кызматташкан оппозиция болду. Алар өзүнүн ниетин, аракетин жашырган жок, эл алдында ачык айтып турду. Ал эми башка пайдалангысы келген күчтөр жөнүндө эч кабар жок. Эгер андай күчтөр болсо дагы ал коом алдында эмес, жашыруун болгон болуш керек. Оппозициядан башкасынын баары жашыруун аракет кылышты.

- Кабилованын кайтып келиши анын өзүнө коркунуч келтирбейби, башкача айтканда Кабилова коркпой кантип келди деген суроо туулуп атат?

- Биз билбеген ар кандай жагдайлар болушу мүмкүн. Анын үстүнө президенттик шайлоо болуп атканы ага коопсуздукту камсыз кыла турган шарттардын бири. Анткени шайлоо убагында жаңжал чыгаруу бийликке абийир жана пайда алып келбейт. Мындан кийин Кабилованын билидирүүлөрүнөн, аракетинен биз кандай окуя болгондугу жөнүндө баамдасак болот. Азырынча олуттуу бир жоромол жасоо мүмкүн эмес.

- Кабилова эмне үчүн экинчи билдирүүсүн жасаган жок, мурда бейрасмий булактарда айтылды эле, парламенттик шайлоонун мыйзамсыз өткөндүгү жана ички соодалашуулар боюнча билдирүү жасайт деп. Ошондой ниети бар беле, сиздер менен сүйлөшкөндө. Сиздин оюңузча, ошол билдирүүнү эмне үчүн жасаган жок?

- Биринчиден, Кабилова үчүн анын өзүнүн коопсуздугу абдан маанилүү болгон. Ага коопсуздукту бийлик камсыз кылмак турсун, тескерисинче Кабилова айткандай аны бардык күчтөр пайдаланга аракет кылды. Анткени ал айтпаган дагы сөздөр бар эле. Эгер ал баарын айтып койгон болсо ал эч кимге кереги жок болуп калмак. Балким мына ошондон улам ал баардык сөздөрүн аягына чейин айткан жок. Аны коопсуздугун кандайдыр бир кепилдиги катары сактаган болуш керек.

- Мурда бийликти абдан сынга алып, жаман атты кылып кеткен адамдын, БШКнын мурдагы төрайымынын кайра кайтып келиши бийликке кандай таасир этиши мүмкүн, бийлик кандай кабылдашы мүмкүн?

- Бул бийликке албетте пайдалуу кырдаал. Анткени эч кандай коркунуч болгон эмес, мына шайлоо алдында келди деп айтканга мүмкүндүк берет.

- Кабилова менен бийлик жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүп алды деп ойлосо болобу?

- Менимче, азырынча Кабилованын интервьюсунан, Кыргызстанга келгенден кийинки кыймыл аракетинен андай жыйынтык чыгарууга болбойт. Кабилованын кээ бир кадамдары жөнүндө сигналдары мындан кийинки жасаган билдирүүлөрүнөн, кыймыл аракеттеринен билиниши мүмкүн. Азыр бир сөз айтыш менин оюмча кыйын. Мен ойлойм, Кабилованын берген акыркы интервьюсунан байкадым, ал сөзүнөн кайткан жок, бек турат, коопсуздук планында гана кээ бир моменттерде ушундай болсо керек, коргонуу ыкмасын пайдаланып атат. Мен муну коопсуздук үчүн маневр деп гана түшүнөм.

- Маегиңизге рахмат.



"Азаттыктан": БШК төрайымы Клара Кабилова өткөн күздө Москвага качып кеткен. Муну президенттин уулу Максим Бакиев телефон аркылуу коркутуп жаткандыгы менен негиздеген. Баш прокуратура таратылган видеотасма боюнча кылмыш ишин ачып, жабырлануучу кайрылган жок деген негиз менен кайра жаап койгон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG