БШКнын маалыматына караганда президенттикке талапкер болууну каалаган жарандар үчүн мамлекеттик тил сынагы 20-майда башталып, сынак арыз берүү ирети боюнча күн сайын бирден адамдын мүмкүнчүлүгүн текшерет. Алгачкы күнү мамлекеттик тил сынагына мурдагы Коргоо министри, БЭКтин мүчөсү Исмаил Исаков катышат.
Ал эми талапкер болууну каалагандардын кол топтоо жараяны 2-июнда аяктайт. Кол тамгалар текшерүүдөн өтүп бүткөндөн кийин 17-июндан баштап президенттикке талапкерди каттоо жараяны башталат. БШКнын акыркы маалыматы боюнча президенттикке талапкер болууну каалагандардын тизмеси он сегизге жетти. Акыркылардан болуп БШКга Бөлтүрүков Өмүрбек берди.(BuS)