Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Нарын шаарында калктын саны 13 пайызга азайган


Нарын облусунан 260 миң 98 адам каттоодон өттү. Алардын 50,5 пайызын эркектер түзөт. Бул көрсөткүч 1999-жылдагы эл каттоого караганда облус калкы 4,4 пайызга көбөйгөн дегендикти билдирет. Элдин саны Ак-Талаа, Кочкор, Нарын, Ат-Башы райондорунда көбөйсө, Жумгалда калк саны өзгөргөн эмес. Ал эми Нарын шаарында калк 13 пайызга азайган. Же болбосо 10 жыл илгери Нарын шаарында 41 300 адам жашаса, быйыл 35 854 адам каттоодон өткөн. Мындай маалыматты облустук статистика башкармасынын жетекчиси Кыдыргыч Акматов Эл жана турак жайды каттоонун алгачкы жыйынтыктарына арналган «Naryn.kg» маалымат борборундогу жыйында билдирди. Каттоо учурунда Ак-Талаа районундагы Баетов, Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл округдарында кемчиликтер кетирилди, деп кошумчалады Кыдыргыч Акматов. (KUs)

XS
SM
MD
LG