Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

БШК менен укук коргоочулар Меморандум долбоорун даярдап жатышат


Бул тууралуу бүгүн президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү бирикмесинен кабарлашты. Маалыматка караганда Меморандум президенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө багытталып, тараптар бири-бирине өз шарттарын коюшат. Шарттар боюнча өз ара тил табышуу болсо бул документ 3-июнда өтөөрү күтүлүп жаткан конференцияда кабыл алынмакчы. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы башында турган укук коргоочу беш уюмдун башын кошкон байкоочу бирикменин башкы шарттарынын бири шайлоо протоколдорунун бир көчүрмөсүн алуу болуп эсептелет. Укук коргоочу уюмдардын конференция уюштуруу демилгесин тараптар 18-майда макулдашкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG